9-ноябрь эс алуу күнү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПанфилов паркында эс алып жаткан тургундар. Архив
Панфилов паркында эс алып жаткан тургундар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча майрам жума соңуна туш келген учурда кийинки жумушчу күн эс алуучу күн болуп эсептелинет.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Улуу Октябрь революциясы белгиленүүчү 7-ноябрь быйыл ишембиге туура келгендиктен, 9-ноябрь эс алуу күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Мыйзамга ылайык, кызыл менен белгиленген күн эс алуу күнүнө туш келсе, кийинки жумуш күнүнө жылдырылат. 

Министрлик бул аптасына беш күн иштеп, эки күн эс алуусу каралаган мекеме-ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0