Пакистандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

© AFP / EHSAN ULLAH Жет титирөөдөн кыйрагын үйлөрдү тазалоо иштери.
Жет титирөөдөн кыйрагын үйлөрдү тазалоо иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күчү 7,5 баллдык зилзала 400гө чукул адамдын өмүрүн алды. Элчилик Пакистанда иштеп-жашап жаткан кыргызстандык жарандар менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Пакистанда адам өмүрүн алган жер титирөөдөн кыргызстандык жарандар жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев зилзалага байланыштуу Пакистан жана Афганистан жетекчилерине көңүл айтты
Кечээ, 26-октябрда Пакистан менен Афганистандын чектешкен аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.09да (Бишкек убактысы боюнча 15.09) күчү 7,5 магнитудага жеткен жердин силкинүүсү катталган. Андан Пакистанда 275, ал эми Афганистанда 90 киши каза болуп, үч миңден ашууну жаракат алган. 

Элчилик Пакистанда иштеп-жашап жаткан кыргызстандык жарандар менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0