Кыргыз-өзбек чек арасынан пакеттеп ыргытылган акча аныкталды

Жазылуу
Колго түшкөн кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагынан ыргытылган 135 миң долларды тосуп алып, башка бирөөгө бериши керек экенин айтып берген.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кадамжай районунун Исамайрам аймагында 135 миң доллар алып жүргөн кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран чек арадан болгону 15-20 метр алыстыкта жүргөн. Иликтөө учурунда ал Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй ыргытылган пакетти алып, бирөөгө алып барып бериши керек болгон. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран акчасы менен кошо УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0