Өкмөт башчысы Сариев Жалал-Абадга барып, спартакиаданы ачат

Жазылуу
Премьер Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы, Кочкор-Ата жана Жалал-Абадагы социалдык объектилерди көрөт, жүрүп жаткан жолдордун курулушу менен таанышат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад шаарына бир күндүк иш сапар менен барып, үч районду кыдырып, кечинде Кочкор – Ата шаарында бүгүн баштала турган республикалык спартакиаданы ачат. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik маалымат сайтына билдирди.

"Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы, Кочкор-Ата жана Жалал-Абад шаарларындагы социалдык объектилерди көрөт, жүрүп жаткан жолдордун курулушу менен таанышат. Ал жердеги жашылчаларды сактоо жайларынын ал абалын жана Бүргөндү айылындагы күнөскананы көрөт",— деди Асанов.

Ал өкмөт башчысы бүгүн кечинде эле Бишкек шаарына кайра учуп келе тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0