"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

© AFP / MOHAMMED ABEDПалестинские сторонники Хизб ут-Тахрир на фоне флага Исламского Государства
Палестинские сторонники Хизб ут-Тахрир на фоне флага Исламского Государства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейддин жүрүшүндө 23 жана 47 жаштагы жарандар кармалган. Элүүгө чамалап калган адам буга чейин Казакстанда соттолгону аныкталды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык ИИББдин 10-башкармалыгы УКМК менен биргеликте жүргүзгөн "Нелегал" рейди учурунда Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Фронт ан-Нусра джихад тобунун мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш күчөтүлмөй болду
Маалыматка ылайык, 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин Бишкек, Токмок шаарларында "Нелегал" рейди жүргөн. Анын жыйынтыгында 23 жана 47 жаштагы жарандар кармалган. Элүүгө чамалап калган жаран буга чейин Казакстанда соттолгону аныкталган. 

Рейддин жүрүшүндө "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна тийиштүү аудио жана видеолор алынган.

Кармалган материалдар УКМКга тийиштүү юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0