Улуттук банк акчаны алтын түрүндө сактоону сунуштайт

Жазылуу
Жыл башынан бери сом 16 пайызга арзандаган. Бул көрсөткүч теңге менен рублге салыштырмалуу өтө деле маселе жаратпай турганын Улуттук банктын өкүлү белгиледи.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Сомдун, доллардын, евронун куну бир ордунда турбай чайпалгандыктан Улуттук банк акчаны туура сактоонун бир нече жолун сунуштап келген, анын ичинде алтын да бар. Бул тууралуу банктын акча-насыялык операциялар башкармалыгынын жетекчиси Раушан Сейиткасымова билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери кыргыз сому 16 пайызга арзандаган. Ошентсе да, сомдун абалы рубль менен теңгеге салыштырмалуу туруктуу болуп турат.

"Алардын куну абдан түшүп кетти. Күчтүү делген юань да туруштук бере албай, дээрлик 25 пайызга арзандады", — деди Сейиткасымова.

Улуттук банктын өкүлү акчаны сактоонун жолун ар бир жаран өзү тандай турганын айтып, Улуттук банк анын жолдорун көбөйтүү максатында алтын куймаларын элге сатыкка чыгарганын белгиледи. Ал куймалардын баасы валюта рыногундагыдай олку-солку эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0