Путин Тажикстандагы абалды дестабилизациялоо аракети катары баалады

Жазылуу

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ишемби күнү Тажикстандын жетекчиси Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөдө болгон окуя абалды туруксуздаштыруу үчүн жасалган иш катары баалады. Бул туурасында Биринчи канал президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирди. 

"Россия лидери республикадагы болуп кеткен окуяны өлкөнүн ички абалын туруксуздаштыруу катары баалап, Тажикстан жетекчисине колдоо көрсөткөн сөздөрүн айтты. Путин менен Рахмон 15-сентябрда Душанбеде өтө турган ЖККУнун  саммитинде өзүнчө жолугушууну шартташты", — деп билдирди Песков.

Буга чейин Тажикстан Ички иштер министрлиги Душанбе шаарында жана Вахдат шаарында бир нече ирет кол салуу болгондугун билдирген. Кол салуу учурунда Тажикстандын ИИМ жана Коргоо министрлигинин 33 кызматкери жана мурдагы министрдин орун басарынын жактоочуларынан турган топтун тогуз кишиси өлгөнү кабарланган.  ИИМдин маалыматына ылайык, кол салууну Коргоо министринин мурдагы орун басары, "кылмыш иштери" үчүн президент тарабынан жума күнү кызматтан алынган Абдухалим Назарзода башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0