Сатып алынган кочкул кызыл пиджактарды мектеп формасы катары пайдаланууга болот

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКийим тандоо. Архив
Кийим тандоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик 17-августта өкмөт мектеп формасынын кеңейтилген стандарты тууралуу токтом кабыл алганын, анда форманын негизги өңү, фасонунун кеңири түрү каралганын белгилейт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мектеп окуучулары үчүн кочкул кызыл пиджак бирдиктүү мектеп формасы катары алып салганын, бирок балдар жана ата-энелер кааласа, аны колдоно берүүгө боло турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин бирдиктүү форма катары сатып алынган кочкул кызыл пиджактарды жаңы окуу жылында пайдаланууга болот.

"Кочкул кызыл пиджак, ошондой эле көк, кара, боз, ак/кара өңдөр, чакмак кездеме сыяктуу форманын түрлөрүн 10-сентябрга чейин мектеп жана ата-энелер комитети өз алдынча тандай алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик 17-августта өкмөт мектеп формасынын кеңейтилген стандарты тууралуу токтом кабыл алганын, анда форманын негизги өңү, фасонунун кеңири түрү каралганын белгилейт.

Кыргызстандык окуучуну мектепке даярдоо канча турарын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0