Таласта "Хонда Степвагон" унаасы бакты сүзүп, эки адам мерт кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордон тышкары, унаа ичиндеги эки адам оор, дагы экөөсү жеңил жаракат алышкан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Талас шаарында "Хонда Степвагон" үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги даракты сүзүп, анын кесепетинен эки адам каза болгонун ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен түнкү саат 12де Айтматов менен Сатылганов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Каза болгондордон тышкары, унаа ичиндеги эки адам оор, дагы экөөсү жеңил жаракат алышкан. 

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарга жардам көрсөтүп, каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0