Мамлекеттин кирешеси былтыркыга караганда 3 миллиард сомго көбөйдү

Жазылуу
Атайы каражатты эсептебегенде, жалпы кирешенин көлөмү 54,3 миллиард сомду түзүп, былтыркыга караганда 6,8 пайызга көбөйгөнү маалымдалды.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында республикалык бюджетке 59,1 миллиард сом же пландан 8,5 пайызга көп түшкөнүн Каржы министрлиги билдирет.

Акча жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бюджет кирешеси эмдиги жылы 138,4 млрд. сомду түзөт
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайызга көп көрсөткүч. Бюджетке түшкөн каражаттын басымдуу бөлүгүн Бажы кызматы, Салык кызматы, бюджеттик ссудалардын кайтарылышы түзгөн. 

Атайы каражатты эсептебегенде жалпы кирешенин көлөмү 54,3 миллиард сомду түзүп, былтыркыга караганда 6,8 пайызга көбөйгөнү маалымдалды.

Жети ай ичинде салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 37,6 миллиард сомго барабар болду. Ал эми салыктан тышкаркы  төлөмдөр 19,7 миллиард сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0