БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын авиация күчтөрүнүн учкучу Ленин чокусунун этегинен испаниялык альпинисттердин алтоосун тирүү, бирөөсүнүн сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.
"Алдын-ала маалыматтарга караганда, топтун 7-мүчөсү Хосе Хернанде жүрөгү кысылып, көз жумган", — деп билдирди маалымат кызматы.
Альпинисттердин тобу Ленин чокусуна чыгышкан, аларды алып чыгуу деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте Ачык-Таш аянтчасында ишке ашырылган.
"Бул жолу подполковник Курбановдун жетекчилигиндеги экипаж, учкуч-инструктор Гармашев, борт техниги Баталгазиевдер иштеди", — деп билдирди маалымат кызматынан.
Буга чейин 2-августта ушул эле экипаж подполковник Алишер Курбановдун жетекчилиги алдында каза болгон төрт альпинист – үч россиялык жана бир поляктын сөөгүн алып келишкен.
Жыл башынан бери Кыргызстандын Башкы штабы тарабынан куткаруу үчүн 30дан ашык учуулар болгон.