Сариева: билим берүү министрлиги көп жылдан бери керексиз китептерди сатып алып келген

© Фото / Турарбек ОмуралиевСариева: билим берүү министрлиги көп жылдан бери керексиз китептерди сатып алып келген
Сариева: билим берүү министрлиги көп жылдан бери керексиз китептерди сатып алып келген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлиги орус тилдүү мектептер үчүн окуу китептерин бекиткен эмес. Мектеп директорлору өз күчү менен гана абалдан чыгып келишкенин Сариева белгиледи.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги көп жылдардан бери орус тилдүү мектептер үчүн китептерди бекиткен эмес деген пикирин министр Элвира Сариева коллегиялык жыйында билдирди.

"Мектеп системасын эски муундагы директорлор гана сактап келген, алар билим берүүгө тиешеси жок китептерди аралаштырбаганга аракет кылышкан. Мындай чоң ажырым көп жылдан бери уланып келет, биз буга көз жуумп отура албайбыз", — деди министр.

Анын айтымында, быйыл мектептердеги китептин тартыштыгы 25 пайызды түзүп, мындай көрсөткүчкө мектептер жетишпеген китептерди басып чыгаруунун аркасында  жетишкен.

Министр учурда билим берүүнүн жаңы стандарттарына туура келген китептер иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0