"Манас" аэропортунан Сургутка уча турган кыргызстандык ок менен кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАтуучу октор. Архив
Атуучу октор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учууга камынган жаран каттамдан алынып, тийиштүү кызматтарга өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Бишкек – Сургут багыты боюнча № 867 каттам менен уча турган жүргүнчүнүн баштыгынан ок табылганын "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы жарандын буюмдарын текшерүүдө тыюу салынган заттарды тапкан.

"21-июлда эртең менен саат 8.00дөрдө кыргызстандык жарандын баштыгынан 5 ок табылды. Ал каттамдан алынып, тийиштүү кызматтарга өткөрүп берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Аэропорттун маалымат кызматы билдиргендей, коомдук жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн "Манас" аэропортунда такай текшерүү жүрүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0