Диль: Бишкек – "Манас" аэропорту жолун оңдоодо коррупциялык схема болушу мүмкүн

© пресс-служба правительстваВалерий Диль. Архив
Валерий Диль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чиновник мамлекет быйыл аймактык жолдорду ремонттоо жана куруу иштерине 994 миллион сом каражат бөлгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Бишкек – "Манас" аэропорту унаа жолун реконструкциялоо иштери токтоосуз башталышы керектигин Транспорт жана байланыш министрлигинин коллегиясында вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе создуктурулуп жатат.

"Бул жерде коррупциялык схема жок деп эч ким айта албайт. Оңдоо иштерин эртерээк баштоо керек. Жолду 2016-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү каралган. Жетишпей калышыбыз мүмкүн", — деди вице-премьер.

Диль мамлекет быйыл аймактык жолдорду ремонттоо жана куруу иштерине 994 миллион сом каражат бөлгөнүн белгиледи.

"Мындан тышкары, Кытайдан Европага чыгуучу транзиттик жол жана Алматы – Чолпон-Ата автомагистраль долбоорлорун ишке ашырууну башташыбыз керек", — деди чиновник.

Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин ишиндеги бир катар көйгөйлөр каралып, айрым структура жетекчилерин кызматтан бошотуу чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0