Сарпашев түштүктө биометрикалык маалыматтарды текшерет

Жазылуу
Баткен облусунда биометрикалык маалыматтарды тапшыруунун экинчи этабы жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын так тизмесин түзүү талкууга алынат.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев төрт күндүк иш сапары менен Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Маалыматка ылайык, Сарпашевдин иш сапары бүгүн Баткен облусунан башталат. 

Биринчи вице-премьер-министр Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун активи менен биометрикалык маалыматтарды тапшыруунун экинчи этабын жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын так тизмесин түзүүнү талкуулайт. 

Ушул эле маселелер 14-15-16 июль күндөрү Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын активдери менен боло турган жолугушууда дагы талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0