Кыргызстандык активисттер КМШнын эл аралык фестивалына катышууда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБетине боек койгон кыз. Архив
Бетине боек койгон кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ мамлекеттериндеги 200дөн ашык жаш активисттер "Шериктештик жаштарынын күнү 2015" лагерь-фестивалына катышууда.

БИШКЕК, 5-июль — Sputnik. Кыргызстандык он жаш активист "Шериктештик жаштарынын күнү 2015" лагерь-фестивалына катышып жатканын КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Аталган фестиваль 4-июлдан 10-июлга чейин Москвада өтөт, ага КМШ мамлекеттериндеги 200дөн ашык жаш лидерлер катышууда.

Кыргызстандын атынан катышкан жаштарды эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев жетектеп барган.

Бул жылы лагерде маалымат менен иштөө талкууланат. Тренинг, мастер-класс жана семинарлар "маалыматтык согуш" жана маалыматтык коопсуздукка арналат. Армениядагы белгилүү блогерлердин бири Константин Тер-Накалян "Гибриддик согуш маалыматтык түзүмү: социалдык тармактар башкы манипуляциялык инструмент катары" аттуу темада тренинг өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0