УКМК: Сот мыйзам бузгандардан акча алып, сот жыйынына келбей коюуга уруксат берген

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаардык соттун жардамчысынын иш бөлмөсүн тинтүүдө 44 миң сом акча жана укук бузуучулардын жазасы жөнүндө бурмаланган административдик материалдар табылган.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Мурда пара алып жатканда кармалган Ысык-Көл облустунун Балыкчы шаардык соттун сотуна карата дагы бир кылмыш иши козголгонун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Фемида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдун эки сотуна карата кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, сот отурумдары укук бузуучулардын катышуусу жок өткөн, алар белгиленген акчалай сый акы берип коюп, эркиндикте жүрүшкөн жана кабыл алынган сот чечимдер жөнүндө билишкен эмес.

Балыкчы шаардык сотунун кызматкерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 315 ("Кызматтык жасалмачылык") беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0