Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуу такталбаган аймакта болгон

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЧек ара зымы. Архив
Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадагы атышууга өзбек чек арачылары себепчи болгонун Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүүдө.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Баткен облусундагы Айдаркен чек ара отрядынын "Кара-шоро" чек ара тозотунун аймагында такталбаган жерден Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары атышканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек арада такта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде кыргыз-өзбек чек арачылары атышты
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чек арачылары мамлекеттик чек арага жакын келген өзбек чек арачыларына эскертүү берген. Ага баш ийбеген өзбекстандыктар кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Эки мамлекеттин чек арачыларынын атышуусу такталбаган аймакта болгон.

Кыргызстандык чек арачылар тарабынан жабыркагандар жок.

Аталган факты боюнча иликтөө башталды. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0