Ошто жарандарды Сириядагы согушка үндөгөн адам кармалды

© Фото / cercamonОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адамдын электрондук почтасында диний багыттагы материалдар табылган.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. ИИМнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Оштон жарандарды Сириядагы согушка катышууга чакырган 23 жашар адамды кармаганын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта кармалган адам Кара-Суу шаарынын тургуну экени, ал республикада тыюу салынган диний-экстремисттик "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү экени айтылат.

Башкармалыктын кызматкерлери анын "Одноклассники" сайтындагы электрондук почтасын текшерип, 78 виртуалдык бетте диний багыттагы маалымат табышкан.

"Мындан тышкары, кылмышкердин уюлдук телефонунан диний-экстремисттик маанидеги материалдар табылган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Теологиялык экспертиза кармалган адамдан табылган маалымат мамлекеттин конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө жана Сириядагы куралдуу согушка катышууга чакыруу мазмунунда экенин далилдешти.

Аталган фактылар боюнча, Ош шаарынын ИИБ тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0