"Шабдан баатыр" тасмасын тартууга каражат жыл аягына чейин толук бөлүнөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовШабдан баатырдын эстелиги. Архив
Шабдан баатырдын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тапшырык менен тартыла турган "Шабдан баатыр" тарыхый тасмасы үчүн бюджеттен 80 миллион сом каралган. Кинону тартууга даярдык көрүү үчүн учурда 10 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Шабдан баатыр" тасмасын тартууга каражат жыл аягына чейин толук бөлүнө турганын Жогорку Кеңеште өкмөттүн парламенттеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Медер Жусупов билдирди. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. 

"Шабдан баатыр" тасмасы 2015-жылы тартылып баштайт
Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун кайрылуусу ("Шабдан баатыр" тарыхый фильмин тартуу жөнүндөгү) каралды. Мамлекеттик тапшырык менен тартылып жаткан "Шабдан баатыр" тасмасын тартуу үчүн бюджеттен 80 миллион сом каралып, анын ичинен 10 миллион сому бөлүп берилген.

Министрдин кайрылуусунда "Шабдан баатыр" эки сериялуу толук метраждуу көркөм тарыхый тасмасын тартууга каралган калган 70 миллион сомду жакынкы арада бөлдүрүп берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0