ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда кырсыктан каза болгон беш адамдын арасында балдар бар

Жазылуу
Жол кырсыгы дүйшөмбү күнү түшкө жакын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүш шаарына жакын жерде болуп, каза болгондордун сөөгү аталган шаардын өлүкканасына жеткирилди.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Адам өмүрүн алган жол кырсыгы Бишкек-Ош кан жолунда болуп, алардын арасында балдардын бар экендигин такталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Лев Толстой көчөсүндө кырсыкка кабылган машина темир жолду көздөй сүрүлүп кетти
Кырсык саат 13:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 471-чакырымында (Кудук-Сай участкасы) болуп, “АУДИ-100» менен “АУДИ С4” сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 киши каза болуп, үчөө жабыркаган. Алардын сөөгү Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга жеткирилген.

Кырсыктын себептери такталып жаткандыгын ӨКМдин маалымат кызматы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0