9-майга карата ардагерлерге бир жолу төлөнчү жөлөк пул үчүн 54 млн сом каралды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрдагерлер. Архив
Ардагерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ардагерлерге Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата президент жана өкмөт жөлөкпул берет.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. 9-май Улуу Жеңиш майрамынын 70 жылдыгына карата Социалдык өнүгүү министрлиги ардагерлерге 120 миллион сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөй турганын министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, концлагердин туткундарына, согушта каза болгондордун жесирлерине бир жолу төлөнчү жөлөк пул үчүн 54 миллион 145,4 миң сом каралган. Аталгандардын ар бирине президент тарабынан 10 миң сомдон төлөнөт.

Ал эми өкмөт тарабынан Улуу Жеңиш майрамына карата ардерлерге бир жолу төлөнчү жөлөк пулдун көлөмү 10,1 миң сомдон 15,6 миң сомго чейин жетип, бул максатта 65,2 миллион сом каралган. 

Кыргызстанда учурда согуштун 1113 катышуучусу бар. Ал эми оорукта эмгектенгендердин саны 5480 адам.

Жаңылыктар түрмөгү
0