Мамлекет көмүскө экономиканы кыскартууга аракеттерди аз жасоодо — эксперт

© Sputnik / Филип Климашевский / Медиабанкка өтүүАкция протеста фермеров и садоводов Польши прошла в Варшаве
Акция протеста фермеров и садоводов Польши прошла в Варшаве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРде деңгэли 40 пайызга жеткен көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн үстөк баага карата салыктан баш тартуу, ошондой эле бажы төлөмдөрүн кыскартуу зарыл дейт эксперт Сергей Пономарев.

БИШКЕК, 23-мар — Sputnik. Көмүскө экономиканы кыскартуу жагынан мамлекет жетиштүү иш алып барбай жатат, бирок эч нерсе жасалган жок деп айтууга болбойт деп билдирди Sputnik кабарчысына экономикалык маселелер боюнча эксперт Сергей Пономарев.

Мурдараак үстөк баага карата салыкты алып салуу маселеси боюнча парламенттик угууларда депутат Замир Бекбоев мамлекет эч чара көрбөгөндүктөн, көмүскө экономика кыскарбай жатат деп билдирген. Эл өкүлү республикада ишкердикти жакшыраак жүргүзүү үчүн үстөк баага карата жана сатыктан түшүүчү каражатка карата салыктарды алып салуу маселесин жөнүндө олуттуу ойлонууну сунуштаган эле.

Пономаревдун пикири боюнча көмүскө ишкердик расмий мүнөзгө ээ болушу үчүн себептер керек. Бул үчүн эмне кылыш керектигин мамлекет акырындап түшүнүп келе жатат.

"Биринчи кезекте лицензиялардын саны кыскартылды. Азыртан эле 460тын ордуна 101и калды. Үстөк баага карата салык 20 пайыздан 12ге кыскарды. Бул факторлор салыкты чогултууну 28,5 пайызга көтөрдү", — деп маалымдады эксперт.

Ал Кыргызстан үстөк баага карата салыкты алып салуу жөнүндө ойлонушу керек деп эсептет. Бул салык Пруссияда XVIII кылымда кайра өндүрүүгө жол бербөө үчүн ойлонуп табылган. Рынокто ашыкчалыкка каршы күрөштүн бул ыкмасы акырындап бүт дүйнөгө тарап кеткен.

"Бирок АКШ мындай салыгы жок эле жакшы жашап жатат. Үстөк баага карата салыкты же сатыктан түшкөн кирешеге карата салыкты кармап тургудай, эмне Кыргызстанда бир нерсе ашыкча өндүрүлүп жатабы?"— деген суроону берет Пономарев.

Негизи мамлекет жок ишкердикке кийлигишип, жок дегенде, алгач продукциянын айрым түрлөрүнө карата импорттук салык төлөмүн кыскартуу маселесин карап чыгышы керек деп эсептейт эксперт. 

"Эгер мамлекет импорттук дары-дармектердин, бут кийимдин, турмуш-тиричилик техникасынын жана азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн үстөк баасына карата салыкты 5 пайызга кыскартса, киреше 30 пайызга өсмөк. Бул болсо товардын баасын төмөндөтүп, чогултулган салыкты көбөйтмөк", — дейт ал.

Мындай шартта ийкемдүү салык саясаты үчүн Казакстан менен Россия өз өндүрүштөрүен Кыргызстанга көчүрө алмак, бул да респубилканын экономикасына өз пайдасын бермек. 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн отурумунда көмүскө экономиканы бажы жана салык төлөмдөрүн казайтуу жолу менен кыскартууну талап кылды. Анын маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү 40 — 60 пайызга жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0