Атамбаев Путин менен жолугуу үчүн Санкт-Петербург шаарына келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Путин менен жолугуу үчүн Санкт-Петербург шаарына келди
Атамбаев Путин менен жолугуу үчүн Санкт-Петербург шаарына келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-орус алакасынын актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну талкуулашат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн 15-мартта Санкт-Петербург шаарына келгенин президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-орус алакасынын актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну талкуулашат.

Россия, Беларусь жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. 2-январда ЕАЭБке Армения да кошулган. Май айында Кыргызстандын да кошулушу күтүлүп жатат.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0