Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Башкы прокуратура менен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы пара талап кылган Бишкек мэриясынын кызматкерин кармашты.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын жеке турак-жай куруу департаментинин башкы юристи Л.А. 18 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек прокуратурасы жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Бишкек мэриясынын жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкери пара доолап жаткандагы тууралуу фактыны аныкташкан. 6-мартта ал кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0