Жалган диплом менен алты жыл милицияда иштеп жүргөн жаран аныкталды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас облустук прокуратурасы 2009-жылдан бери облустук ички иштер бөлүмүндө иштеп жүргөн милиция кызматкерин аныкташты.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Талас облустук прокуратурасы Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө коррупцияга каршы мыйзам кантип иштеп атканы боюнча текшерүү жүргүзүп, жасалма диплом менен иштеп жүргөн К.Б. аттуу жаранды аныкташты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда облустук ички иштер башкармалыгынын кадр бөлүмүнө Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин "Бухгалтердик учет жана аудит" кесиби боюнча жалган диплом берилгени аныкталган.

Бул диплом менен кызматкер Талас облустук ички иштер бөлүмүндө түрдүү кызматтарда иштеген. 2014-жылдын 5-декабрынан тарта Талас ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштеп келген.

К.Б. аттуу жаранга 2009-жылдын августунан тарта түрдүү кызматтык наамдар берилген. 2014-жылдын 21-апрелинде ал милициянын ага лейтенанты наамын алган.

Бирок, КР Билим берүү жана илим министрлигинен алынган расмий катка ылайык, К.Б. аттуу жарандын атына Ж.Баласагын атындагы университеттен "Бухгалтердик учет жана аудит" кесиби боюнча диплом берилген эмес.

Аталган факты боюнча Талас прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0