Кененбаев: Би-талондор социалдык тармактагы коррупцияны азайтат

Жазылуу
Бишкек шаардык кеңеши тарабынан колдоого алынган долбоорго ылайык, ички мигрантка убактылуу талон (би-талон) берилет. Ал негизги коомдук жана социалдык кызматтарды пайдалануу үчүн башкы документ болот.

БИШКЕК, 5-мар — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши Кыргызстандын борборунда ички мигранттарды би-талондордун жардамы менен эсепке алуу боюнча пилоттук долбоор түзүүнү колдоду деп билдирди Sputnik кабарчысына Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев.

Анын айтымында, мындай чечимге улам өсүп бара жаткан ички мигранттарды эсепке алууну жакшыртып жана жөнөкөйлөтүүгө болгон каалоо себеп болду. 

"Биз "Тазалык" МИ менен аймактык башкармалыктын маалыматтарын алып карагандыбызда, аларда чоң айырмачылыктар бар экенин аныкталды. Четтен келгендер коммуналдык кызматтардын акысын жана патент төлөбөгөндүктөн, шаардын казынасына өтө көп сандагы төлөмдөр түшпөй жатат. Ошондуктан чет элдиктерди эсепке алуу ыкмасын колдонуп, ички мигранттарга да би-талондорду берүү чечими кабыл алынды", — деп айтып берди Кененбаев.

Долбоорго ылайык, ички мигрантка убактылуу талон (би-талон) берилет. Ал негизги коомдук жана социалдык кызматтарды пайдалануу үчүн башкы документ болот.

Ички мигранттардын балдарын бала бакчалар менен мектептерге орноштуруу жеңил болот, себеби алардан жашаган жеринен маалым кат жана башка документтер талап кылынбайт деп түшүндүрдү Кененбаев. Медициналык кызматтарга бюджеттен каражат карала турган болгондуктан, дарыгерлерге баруу жеңилдейт. 

"Би-талондордун киргизилиши менен социалдык тармактагы коррупция азаят", — деген оюн айтты Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери.

Талондор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берет, ал эми эсепке алуу жана каттоо иштерине бардык тараптар катышмакчы. Квартал башчылары каттоого турбаган жарандарды аныктап, алар тууралуу маалымат берип, алардын келген жерине каттоого турууга арызын алып, колун жана мөөрүн коюу менен жашап жаткандыгын тастыктап, журналга киргизип жана күн сайын жергиликтүү аймактык башкаруу органына (ЖАБ) маалымат берип турат. 

Андан ары мигранттар бардык документтери менен кошо ЖАБдан би-талон алышат. ЖАБ бардык чогулган маалыматты мэрияга берет, ал эми мэрия аны Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырып турат. Аталган ведомство бирдиктүү маалымат топтомун түзүп, башка мамлекеттик органдарга маалымат берет.

"Биз системаны жөнөкөйлөтсөк дейбиз. Аталган талон Бишкектин бардык мамлекеттик мекемелеринде кабыл алынат", — деп кошумчалады Кененбаев.

ОО "Алыш" КБнын эксперти, долбоорду түзүүгө катышкан Айжан Сатыбекова билдиргендей, "Ички миграция" жөнүндө мыйзам бар болгону менен ал иштебейт, ал эми мамлекет үчүн ички миграцияны эсепке алуу зарыл. 

Мигранттарды эсепке алуу иштерин паспорттук столдор, ЖАБ жана үй комитеттери аткарышы керек. Мигранттардан болсо арыз жана ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин тапшырышы талап кылынат. Органдарда болсо жаңы жашаган жеринен маалым кат, үй китепчесин жана башка документтерди талап кылышат. 

"Бирок ал кагаздар эч бир мигрантта жок, себеби үйдү аларга убактылуу жашаганга берген үчүн салык төлөш керек болот", — деп билдирди Сатыбекова.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары пилоттук долбоорду түзүүнү колдоп, өкмөт би-талондорду киргизүү жөнүндө токтом даярдашы үчүн муниципалитет өкмөткө документ даярдашы керектигин көрсөтүштү дейт эксперт.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, ички мигранттарды эсепке алуу боюнча пилоттук долбоор 2015-жылдын ортосунда киргизилип, бир жылга созулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0