ЖККУ 2014-жылы 158 миңден ашуун миграциялык тартип бузууну аныктаган

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив. Москва шаарындагы текшерүүлөр
Архив. Москва шаарындагы текшерүүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары өткөн жылы 158 миң 115 миграциялык мыйзам бузууларын аныкташкан жана 6 миллион доллардан ашык акчага административдик айып салышкан.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. ЖККУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары 2014-жылы 158 миңден ашуун миграциялык тартип бузууну аныктаган деп билдирди уюмдун маалымат кызматы.

Ереванда Россиянын Федералдык миграциялык кызмат жетекчиси Константин Ромодановскийдин төрагалыгы астында ЖККУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү орган жетекчилеринин Координациялык кеңешинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш маселелери боюнча отуруму (ММККК) өттү.

Мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча оперативдүү-профилактикалык иш-чараларды көрүү жана атайын операцияларды жүргүзүү 2014-жылы олуттуу натыйжаларды жетүүгө мүмкүндүк берди деп белгилейт маалымат кызматы.

Москвада кыргызстандыктардын массалык мушташында киши өлдү
ЖККУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын "Мыйзамсыз-2014" деп аталган операциясынын алкагындагы биргелешкен күч-аракеттеринин натыйжасында 158 миң 115 миграциялык мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинен 114 миң 523 мыйзам бузуу өлкөгө кирүү, чыгуу жана жүрүү аракеттерине байланышса, 43 миң 589 адам иштөө боюнча белгиленген тартиптерди бузган. Аныкталган тартип бузууларга байланыштуу иштерди кароо натыйжалары боюнча 6 миллион доллардан ашык административдик айып салынып, 3,8 миллион долларга жакын акча төлөтүп алынды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин чегинен 23 миң 309 адам чыгарды.

Мыйзамсыз миграция уюштургандык үчүн 639у кылмыш иши, киши саткандык үчүн 19, ошондой эле операциянын жүрүшүндө аныкталган башка факттар боюнча 17 миң 690 кылмыш иши козголгон.

ЖККУнун төрагасы Николай Бордюжа отурумда белгилегендей, өткөн жылдагы операциянын өзгөчөлүгү ички иштер жана коопсуздук кызматтары жана, албетте миграциялык кызматтар киши сатууга каршы оперативдүү-издөө иш-чаралары менен атайын операцияларды жүргүзүшү менен катар өтүшү болду.

Отурумдун катышуучулары ЖККУ форматындагы мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча "Мыйзамсыз-2015" деген шарттуу аталыштагы биргелешкен оперативдүү-профилактикалык иш-чараларды жана атайын операцияларды өткөрүү тартибин аныктап, "операцияны өткөрүү тапшырмаларын жана иш-аракеттер алгоритмин" кабыл алышты.

Андан тышкары, ММККК калыптанып жаткан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмгек миграциясы боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын иш-аракеттери тууралуу маалыматты угушту. Анын катышуучулары комиссия түзүмдөрүнүн өз ара аракеттешүүсүнүн мүмкүн болуучу багыттары жөнүндө пикир алмашышты. Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча Координациялык кеңештин отурумунда Россия Федерациясында чет элдик жумушчу күчтөрдү тартууну жана пайдаланууну жөнгө салуу боюнча жаңы эрежелерге баа берилип, ЕАЭБ ишин баштаганы жатканын эске алганда мыйзамсыз миграцияга каршы туруунун жолдору талкууланды.

Ошондой эле ММККК баш калка издөөчү адамдар менен, жана Афганистандан көп сандагы качкындар пайда болуп калса, алар менен да иш алып баруу боюнча ЖККУнун алкагында аймактык система түзүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө сунуштар каралып, кабыл алынды. Аталган сунуштар туруктуу жумушчу топтун отурумунда иштелип чыккан. 

Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча Координациялык кеңештин 2015-жылга карата иш планы бекитилди. Кийинки отурум үстүдөгү жылдын сентябрында Белоруссияда өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0