Серепчилер: Украинанын аскерин куралдандыруу менен АКШ өз шериктештеринен ажырайт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүВашингтон. Архив.
Вашингтон. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үйдүн Киевге куралдуу жардам көрсөтүү жөнүндө билдирүүлөрү Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө АКШ президенти менен анын администрациясы алар даяр боло элек кадамдарга барышы мүмкүн деген кооптонууларды жаратат.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Ак үй Россия менен коркунучтуу оюн ойноп жатат деп эсептешет саясат таануучулар Фиона Хилл менен Клиффорд Гэдди Brookings Institution уюмунан деп билдирет РИА Новости

Трансатлантикалык биримдикти сактап калуу — башкы милдет деп эсептешет серепчилер.

Ак үйдүн Киевге куралдуу жардам көрсөтүү жөнүндө билдирүүлөрү Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө АКШ президенти менен анын администрациясы алар даяр боло элек кадамдарга барышы мүмкүн деген кооптонууларды жаратат.

Америка Украинанын аскерлери үчүн курал бере баштаганда, мүмкүн, өзүнүн көптөгөн тилектештерин жоготот деп эсептейт Хилл менен Гэдди.

Америкалык серепчилер АКШнын украин бийлигине курал беришин жактыруучу саясий ишмерлер менен саясат таануучулардын "примитивдүү ой жүгүртүүсүнө" макул эместиктерин кескин билдиришет.

Хилл менен Гэддинин айтымында, Киевдин аскерлерине курал берүү менен АКШ Кремлди жооп иретиндеги чараларды көрүүгө мажбур кылат. Батыш саясатчылары Украинага карата эмне гана кылбасын, Москва тийишүү жооп кайтаруу менен алдыга жүрүшүн улантып келет деп баса белгилешет серепчилер.

Кремлге карата отко май тамызбагыдай иш-аракет стратегиясын иштеп чыгуу — Батыштын дипломатиясы чече турган милдет деп эсептешет саясат таануучулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0