Бишкек: милиция жыл башынан бери 102 кылмыштын бетин ачкан

Жазылуу
1-январдан 21-январга чейин Бишкек шаары боюнча 102 кылмыштын бети ачылган.

БИШКЕК, 21-янв —Sputnik. 2015-жыл башталгандан бери Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын патрулдук полкунун кызматкерлери 102 кылмыш ишинин бетин ачкан. Анын ичинен денеге зыян келтирүү фактысы – 51, тоноочулук – 2, бейбаштык – 35, уурулук – 7, алдамчылык – 4, башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу – 1, башка кылмыштар – 2.

Анжан сырткары түрдүү административдик мыйзамдарды бузган 785 киши тийиштүү РИИБге алынып келинген. Мыйзамды негизинен, мас болгондор бузган. Алардын саны 476. Ошондой эле, бейбаштык кылган 158 киши да райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Андан сырткары 46 селсаяк түнөк жайларга жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0