Атамбаев "Шарли Эбдо" журналынын редакциясындагы терактка байлыныштуу Олландка көңүл айтты

© AFP / Patrick HertzogМарш памяти жертв нападения на Charlie Hebdo пройдет в Париже
Марш памяти жертв нападения на Charlie Hebdo пройдет в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев франциялык "Шарли Эбдо" журналынын редакциясындагы терактка байлыныштуу Олландка көңүл айтты. Кол салуудан 12 киши каза болуп, 11 киши жаракат алган.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олландка "Шарли Эбдо" журналынын редакциясындагы террористтик кол салууга байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчы адам өмүрүн алган "Шарли Эбдо" журналынын редакциясындагы теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеген.

"Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн айыптайт", — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалагандыгын билдирди.

7-январда эртең менен куралчан үч киши Парижде жайгашкан "Шарли Эбдо" журналынын редакциясына кирип келип, ок чыгарышкан. Куралчандар окуя болгон жерден машинага түшүп изин жашырышкан. Кол салуудан 12 киши каза болуп, 11 киши жаракат алган.

Charlie Hebdo журналы 2006-жылы Мухаммед пайгамбардын жаңжалдуу карикатурасын жарыялагандан кийин чоң сынга кабылган. Пайгамбардын карикатурасы мусулмандардын нааразычылыгын жараткан. Журналдын башкы редактору Филипп Валь 2007-жылы сот жоопкерчилигине тартылып, бирок, акталып кеткен. 2011-жылы Тунис менен Ливиядагы абал тууралуу саны чыккандан кийин белгисиз бирөөлөр журналдын редакциясын өрттөп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0