Барак айылына гуманитардык жардам жеткирилди

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики
Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМнын жүк ташыган автоунаалары кечээ кечинде Барак эксклавынын жашоочуларына көмүр, ун жана азык-түлүк алып кирди.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак эксклавынын жашоочуларына гуманитардык жардам келди. Бул туурасында Барак айылынын башчысы Бурхан Аширов Sputnik маалымат сайтына билдирди.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардам жүктөлгөн 7 автоунаасы кечээ кечинде Барак эксклавына кирген.

"Биз буга чейин кыргыз өкмөтүнө жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Жалпысы 54 тонна көмүр, 4 тонна ун жана 40 миң сомдук азык-түлүк чогулуптур. Анын ичинен 20 тонна көмүр, 4 тонна ун жана азык-түлүк Барак эксклавынын ичинде жашагандарга таратылды. Көмүрдүн калган бөлүгү эксклавдан чыгып, башка аймактарда жашап жаткан барактыктарга берилмекчи", — деди Бурхан Аширов.

Жардам жеткирген ӨКМ автоунаалары жергиликтүү элдин мал жандыктарын жана теректерин ала чыгышты.

"Азыр министрликтин автоунааларына элдин малын жана кыйылган теректерин сыртка, Кара-Суу районуна жүктөп чыгып бара жатабыз", — деди биздин кабарчыга маалымат берип жатып Бурхан Аширов. 

Барак эксклавы Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт жана учурда эксклавда 24 үй-бүлө жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0