Атамбаев өлкө жөнүндө: биз кайда баратканыбызды жана кайда бара турганыбызды билебиз

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев бир жылда жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарып жатып, биз кайда баратканыбызды жана кайда бара турганыбызды билебиз деди.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Өлкөнүн өнүгүүсү боюнча так багытыбыз бар, биз кайда баратканыбызды жана кайда бара турганыбызды билебиз, деп Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн жетишкендиктеринин бири – Дүйнөлүк Банк сыяктуу институттардын кара тизмесинен чыкканы болгон.

"Акыркы үч жыл ичинде митингдер 3 жолу азайды. Эл аралык уюмдардын социологиялык изилдөөлөрү көрсөткөндөй, калктын 2-3 пайызы гана саясый туруксуздук боюнча пикирин билдирген. Бул көрсөткүч мындан бир канча жыл мурункуга салыштырмалуу он эсе аз. Элдин да түшүнүгү өзгөрүп жатат. Алар да туруктуу өнүгүү керектигин түшүнүшүүдө", — деди ал.

Ал ошондой эле, дагы бир маанилүү окуясы "Түндүк-Түштүк" кара жолунун курулуп башталганын, энергетика жана өнөр жай жаатындагы улуттук долбоорлордун ишке ашырылып башталганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0