Мишель Обама Жозеф Байдендин ордуна президенттикке талапкер болушу ыктымал

© AFP / MANDEL NGANАКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама
АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
Чикагодо августта өтчү партиялык съездде Байден шайлоого катышуудан баш тартышы ыктымал экени айтылууда.
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Мишель Обама Жозеф Байдендин ордуна президенттикке талапкер болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, айрым демократтар Чикагодо августта өтчү партиялык съездде Байден шайлоого катышуудан баш тартып, өзүнүн ордуна мурдагы президент Барак Обаманын жубайы Мишель Обаманы сунушташы мүмкүндүгүн боолголоодо.
"Демократиялык партия Мишелди потенциалдуу талапкерлердин сурамжылоосуна да кошкон. Көптөгөн америкалыктар президент аял болушун кыялданышат", — деп белгилейт басылма.
Белгилей кетсек, мартта Обама айымдын кеңсеси имиштерге карабастан анын шайлоого катышуу ниети жок экенин билдирген.
АКШнын президенти Жозеф Байден  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Захарова Байдендин жоругуна комментарий берди
Жаңылыктар түрмөгү
0