Бишкектин четинде КамАЗ жеңил машиналарды аралай сүздү. Видео

© Sputnik / Евгений ОдиноковКамаз. Архивдик сүрөт
Камаз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Жүк ташуучу автоунааны токтотууга мүмкүн болбой, ал жеңил машиналарды аралай сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Окуя 4-май күнү Бишкек — "Манас" аэропорту жолундагы "Ганси" авиабазасында "ВМW 2024" иш-чарасынын ачылышында болжол менен саат 15:30да болгон.

"Алдын ала маалымат боюнча, "Манас" аэропорту — Мраморный жолунда жүк ташуучу КамАЗ батыштан чыгышты көздөй бара жаткан учурда токтотуучу системасы кармабай калып, жолдун жээгинде турган жеңил автокөлүктөрдү сүзгөн", — деп билдиришти милициядан.

Жол кырсыгы материалдык чыгымдарга алып келген, бирок жабыр тарткандар жок. Ал эми Honda Accord жана Mercedes үлгүсүндөгу машиналар Сокулук районундагы айып короого токтотулганын айтышты.
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Сузакта балдарды сүзгөн жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу үй камагына чыгарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0