Кыргызстанда эң үнөмдүү автоунаалар канча турат. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан автоунаалардын базардагы баасы тууралуу байма-бай жазып келет. Бул жолу беш айдын ичинде май аз ичкен темир тулпарлардын баасы кандай өзгөргөнүн билдик.
Инфографикада эң популярдуу жылдардагы автоунаалардын баасы көрсөтүлгөн. Мониторинг Кыргызстандагы автокөлүк сатуу боюнча интернет-ресурстарда жарыяланган жарнактардын негизинде жүргүзүлдү.
Эң көп сатылган 10 марка:
Daewoo Matiz;
Honda Fit;
Lada 2107;
Toyota IST;
Hyundai Getz;
Mazda Demio;
Volkswagen Golf;
Honda Civic;
Toyota Prius;
Chevrolet Spark.
Кыргызстандагы эң популярдуу үлгүдөгү майды аз ичкен автоунаалардын орточо баасы келтирилди. Кээ бир учурларда белгилүү бир бренддеги автокөлүктөрдүн саны кыйла кыскарып, орточо баанын кескин өзгөрүшүнө алып келди.
Ар бир машинанын баасы доллар менен көрсөтүлгөн. Биринчи баа 2024-жылдын 16-мартында Улуттук банктын курсу боюнча доллар 89,5 сомго бааланганда, акыркысы 2024-жылдын 29-апрелинде курс 70 тыйынга төмөндөгөндө жүргүзүлдү.
Кээ бирөөлөрү арзандады, мисалы, Toyota Ist жана Mazda Demio баасы 100-200 долларга төмөндөгөн.
Ал эми Volkswagen Golf IV менен Honda Fit, тескерисинче, 200-1000 долларга кымбаттады.
Башка автоунаалардын орточо баасы дээрлик өзгөрүүсүз калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0