Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ЕАЭБде тамак-ашты маркалоо боюнча техникалык регламентке өзгөртүү кирди

© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкономика жана коммерция министрлигинин техникалык жөнгө салуу боюнча координациялык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгүл Кангелдиева
Экономика жана коммерция министрлигинин техникалык жөнгө салуу боюнча координациялык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгүл Кангелдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин техникалык жөнгө салуу боюнча координациялык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгүл Кангелдиева ЕАЭБде азык-түлүктү маркалоо боюнча маанилүү чечим кабыл алынганын айтты.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши "Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө" жана "Тамак-аш азыктарын маркалоого байланыштуу" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Айгүл Кангелдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
ЕАЭБде тамак-ашты маркалоо боюнча техникалык регламентке өзгөртүү кирди
Анын айтымында, мындан ары өндүрүүчүнүн же импорттоочунун реквизиттери өзгөргөн учурда азык-түлүк товарларынын маркаланышы өзгөртүлбөстөн сатыла берет.
"Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин 39-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, шаар, район, көчө жана башка аталыштар өзгөртүлүп, бирок жайгашкан жери алмашпаган учурда маркалоодогу мурдагы дареги көрсөтүлгөн азык-түлүктү 36 айдын ичинде сатыкка чыгарууга жол берилет. Мында иш жүзүндөгү географиялык жайгашкан жери көрсөтүлөт. Бул убакыт аралыгында аларга азык-түлүктү сатып түгөтүү сунушталат. Ошол эле учурда "Тамак-аш азыктарын маркалоого байланыштуу" техникалык регламенттин 4-беренесинде тамак-аш продуктуларын өндүрүүчүнүн жайгашкан жери жөнүндө ишенимдүү жана актуалдуу маалыматты керектөөчүгө жеткирүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралган. Кабыл алынган өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкердикке оң таасирин тийгизет", — деди Кангелдиева.
Ал техникалык регламенттер ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан 180 күндөн кийин күчүнө кирерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0