Боррель: АКШ гегемон статусун жоготту

© AP Photo / Mariam ZuhaibАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
Боррель дүйнө азыр Кытайдын өнүгүп супердержавага айланып баратканына күбө болуп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелль согуштан кийин түзүлгөн эл аралык системанын доору бүткөнүн жана Америка өзүнүн гегемон статусун жоготконун билдиргенин РИА Новости жазды.
"Согуштан кийинки биз жашаган эл аралык системанын доору бүттү. АКШ гегемон статусунан кол жууп, 1945-жылдан кийин түзүлгөн дүйнөлүк тартип позициясын жоготууда. Биз азыр Кытай өнүгүп, анын супердержавага айланып баратканына күбө болуудабыз", — деген ал.
Боррель бул анча жакшы эмес көрүнүш экенин кошумчалаган.
"Мунун фонунда Евробиримдик менен Улуу Британиянын ролун аныктоо керек... Бирок бул алдыдагы коркунучтарга кандай жооп кайтарарыбыздан көз каранды... Европа жоголушу ыктымал деген эскертүүлөрдү угуп жатабыз, андыктан бул өтө маанилүү", — деген Боррель.
АКШ аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Америкалык полковник дүйнөлүк согуш чыкса АКШ кандай жагдайда каларын боолголоду
Жаңылыктар түрмөгү
0