Гемангиома же анарды алдырууда гистологиялык изилдөө зарыл. Дарыгердин маеги

© Sputnik / Асель СыдыковаБалдар кардиологу Данияр Аматов
Балдар кардиологу Данияр Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Адатта денесинде кызарган белгиси менен төрөлгөн ымыркайды "анары бар экен, өз аты менен төрөлдү" деп Анаргүл, Анара, Анарбек деген ысымдарды ыйгарышат. Элде ал кызыл тактар наристе кезинде кетип калса ысымы туура берилген үчүн жоголуп кетти деген түшүнүк бар.
Анткен менен дарыгерлер муну башкача түшүндүрүшөт. Медиктердин айтымында, анар же гемангиома адатта бала үч жашка чыккыча өзүнөн-өзү жоголуп кетет. Ошондой эле бул көрүнүш медицинада кадимки эле шишик (рак — ред.) болуп эсептелет. Гемангиоманын пайда болуу себептери, ден соолукка таасири жана андан арылуу тууралуу балдар кардиологу Данияр Аматов менен маек курдук.
— Алгач бизге гемангиома деген эмне экенин, анын пайда болуу себептери тууралуу айтып берсеңиз?
— Гемангиома — бул кан тамырдын клеткасынан өсүп чыккан кадимки шишик. Шишиктер да залалсыз жана залалдуу болуп бөлүнөт эмеспи. Анар ошол залалсыз шишиктердин 50 пайызын түзөт. Башкача айтканда, бизде көп кездешет. Эл оозунда анар деп аталат. Адатта ал бала түйүлдүк кезде, өзгөчө 8-12 жумалык учурунда кан тамырлар өрчүп жатканда эле пайда болот. Ага көптөгөн себептер бар. Ошол эле кош бойлуу аялдын саламаттыгы, организмге керектүү азыктардын жетишсиздиги, гипоксия — организмге кычкылтек жетпей кыйналгандан улам курамында химиялык заттар бар дары-дармек колдонсо, атанын же эненин чылым чегүүсү сыяктуу факторлордон тартып тукум куучулук да кирет. Так, кесе мындан улам балада анар пайда болгон деп айта албайбыз. Ымыркай үч жашка чыкканча ал өзү кетип калышы керек. Медицинада гемангиома кан тамыр мальформациясы деп аталат. Анын түрлөрү көп.
— Анардын ден соолукка кооптуулугу барбы?
— Эгер ал дененин ачык жерлерине: колу-буту, бети, далысында жайгашса эч кандай коркунуч алып келбейт. Бирок кээде эриндеринде, жыныс мүчөсүндө, тилинде, мурдунун, кулагынын, оозунун ичинде, ал тургай карегинде анары барлар кездешет. Эгер кичине кезинде өзү кетип калбаса, анда аны алып салууга туура келет. Анткени кулак, мурундун ичиндегилер дем алууга, угууга тоскоолдук жаратат. Ал эми эринде же жыныс мүчөдө кездешкендери дененин ал бөлүгүнүн териси өзгөчө болгондуктан жарылып, кесилип, кургап, кан тамырга жакын жайгашкандыктан кан токтобой мүшкүл жаратышы ыктымал. Балдар кичинекей кезинде мындай көрүнүштөр ар кандай жаракат алган учурда кооптуу жагдайга кептебеши үчүн ата-энелер анары бар балдарды үч жашынан кийин дарыгерге көрсөтүп койгону оң.
© Фото / из личного архива Данияра АматоваАматов: Гемангиома — бул кан тамырдын клеткасынан өсүп чыккан кадимки шишик
Детский кардиолог, ассистент кафедры педиатрии КГМА Данияр Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Аматов: Гемангиома — бул кан тамырдын клеткасынан өсүп чыккан кадимки шишик
— Анардын ар кандай түрү бар эмеспи. Айрымдары жөн гана тери менен бирдей, жылмакай келип, өңү гана кызгылт тартып турат, кээси түктүү болсо, башкалары быдыракай болот. Баары эле жогорудагы сиз айткан кан тамыр мальформациясына киреби?
— Кыргызда кызылын деле, көгүш тартып турган такты деле анар дей беребиз. Бирок медицинада ал экөө такыр эки башка. Көгүш тартып турганы невустар деп аталып, калга жакыныраак келип, пигментти пайда кылган мелатонинден жаралат. Ал дагы залалсыз шишикке кирет, гемангиомадан айырмаланып үч жашта кетип калбайт. Ал эми гемангиома же анар да өз ара бөлүнөт. Мурда тери менен бирдей, кызаргандары капиллярдык, быдырлуу болуп териден чыгып тургандары коверноздук болушу мүмкүн дечүбүз. Азыр гистологиялык изилдөөдөн өткөрүп, анан кайсы ткандан экенин аныктайбыз. Андан соң ошого жараша дарылоо ыкмасы тандалат.
— Анар кимдерде көбүрөк кездешет?
— Жогоруда айтып кеткендей, гемангиома тукум кууйт. Анан калса кээ бир илдеттердей болуп кыздар муунунда гана же эркектерде гана пайда болуучу патология эмес. Ал тургай ортодо бир нече муунда жок болуп, кайра пайда болуп калышы мүмкүн. Түгөйлөрдүн бирөөсүнүн ата-тегинде анар болсо ал кийинки муундардын кызына же эркегине карабай чыга берет. Дагы бир кызык учур, мисалы, атасы менен баласында же чоң атасы менен небересинде көлөмү, түсү, бардыгы окшош анары болушу ыктымал. Бул муундар арасында ушул эки адамдын ден соолугундагы окшоштук, хромосомалардагы, эске тутуудагы кайталануулардын көптүгүн билдирет. Башкача айтканда, көп учурда экөөнө анардан арылтууда бирдей ыкма колдонулат. Анар кыздарда көбүрөк кездешери илимде белгилүү болгон. Анан да биздин кыргызстандыктарда анары менен төрөлгөн балдар көп болот. Буга тоолуу климатыбыз, калк арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын көптүгү негизги себеп.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАматов: кыргызда кызылын деле, көгүш тартып турган такты деле анар дей беребиз
Детский кардиолог, ассистент кафедры педиатрии КГМА, руководитель круглосуточной педиатрической службы в Бишкеке, председатель Кыргызской педиатрической кардиологической ассоциации Данияр Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Аматов: кыргызда кызылын деле, көгүш тартып турган такты деле анар дей беребиз
— Учурда анарын лазер менен күйгүзүп жана башка ыкмалар менен алдырып жатышат. Бул кооптуу эмеспи?
— Косметология өнүгүп, өзгөчө анары бар кыз-келиндер гемангиомасын алдырып коюуга мүмкүнчүлүктөр ачылып жакшы болду. Бирок аны алдырарда сөзсүз текшерүүдөн өтүп, дарыгерге кайрылып, алгач гистологиясын билип алганы дурус. Анткени ал залалдуу шишик болуп калышы да ыктымал. Незиги эле анарды алууда косметологдор эмес, медиктер иштеши керек. Себеби лазер менен күйгүзүүнүн да түрлөрү көп. Азот менен, кадимки эле электр тогу менен күйгүзгөндөрү бар. Мындай косметологиялык процедуралар анарды алууга жарабайт. Анткени ал кан тамырдан пайда болгон шишик экенин унутпашыбыз керек. Анарды бир гана фотолазер менен алуу сунушталат. Ал күйгүзбөйт, атайын жарык толкундары аркылуу тазалайт. Ошондой эле анарды туура алдыруудан да коркпош керек. Медиктерге кайрылып, гистологиясын аныктап алып, туура аппараттар менен алдырып салса эмнеге болбосун. Бул адамга көрк берип, ишеним тартуулайт эмеспи.
— Элдик түшүнүктө анары менен төрөлгөн балдарды "өз ысымы бар экен" дешип, атайын белгиленген аттарды ыйгарышат. Анан чынында эле анардын кетип калганын байкоого болот. Мындай жөрөлөгөлөрдүн таасири барбы?
— Эгер ал кадимки гемангиома болсо үч жашка чыгып калганда баланын аты Анарбек же Анара болбосо деле кетип калат да. Андыктан атайын ысым ыйгаруунун ага эч кандай таасири жок. Ал болгону баланын анары бар экенин башкаларга билдирип туруучу белги гана болот. Бала анары менен төрөлгөн учурда эч кандай чочулоонун кереги жок. Болгону абай салып байкай жүрүш керек. Эгер ал кадимки жашоо сүргөнгө тоскоолдук жаратпаган жерде жайгашса, чоңоюп кетпесе медиктерге кайрылуунун деле зарылчылыгы жок. Көлөмү же өңү өзгөрүлүп баратса ымыркайды дарыгерге көрсөтүп койгон оң. Ошондой эле анары бар балдарга кызыл кийим кийгизгенге болбойт, кызыл жебеши керек деген түшүнүктөр да жаңылыштык. Гемангиомасы бар балага эч кандай чектөө жок.
Ашказан, жоон ичегиден кызыл өңгөч жасайбыз. Эндовидеохирургдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Ашказан, жоон ичегиден кызыл өңгөч жасайбыз. Эндовидеохирургдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0