00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Монтаж в фокусе: профессия, которая меняет кино
18:06
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баланы мектепке аша чаап даярдаган ата-эне кыйналат. Педагогдун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүМектепке даярдануу. Архивдик сүрөт
Мектепке даярдануу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Быйыл 180 миң бала мектеп босогосун биринчи ирет аттайт.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Мектепке чейинки даярдыктын туура жүрүшү бала үчүн эле эмес, ата-эне үчүн да чоң мааниге ээ. Бул тууралуу кенже класстын мугалими Екатерина Серикова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде сүйлөп жатып айтты.
Педагогдун пикиринде, мектепке баруу үчүн элементардык база жетиштүү, баланы ашкере кыйноо жарабайт.
"Бакчадагы мектепке даярдык балага баарлашуу үчүн керектүү көндүмдү берет, майда моториканы өнүктүрүп, санап, муундап окуганды үйрөтөт. Бул биринчи класска барган бала өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн жетиштүү. Бирок мектепке чейинки даярдыкты ашыра жасап жибергендер бар, башкача айтканда, бала жаза алат, окуй алат, бирок анын баарын туура эмес жасайт. Мындай учурда мугалим кайра башынан баланы үйрөтүшү керек болот. Бул кыйла татаал процесс, ата-эне да, мугалим да кыйналат", — деди Серикова.
Окутуучу балдарга ата-эненин көңүл буруусу эмне үчүн зарыл экенин да түшүндүрүп берген.
"Ата-эне мектептен кийин бала менен отуруп алып сабак окушу зарыл эмес. Кайсы бир жерин көрсөтүп, айтып-деп, сүйлөп бергени жетиштүү. Бала ата-эненин көңүл буруусуна муктаж, ошону талап кылат, кечке жумушта болгондуктан көп-ата-эненин буга убактысы жок. Ата-эне азыраак болсо да сүйлөшүп, аркы-беркини сурап койсо бала ошого канааттанып, канат байлап калат. Демек, окуусу да жакшырат", — деп сөзүн жыйынтыктады педагог.
Календарь каникул на 2023/2024 год - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Кыргызстандагы 2023/2024-окуу жылына карата мектеп каникулдарынын календары
Жаңылыктар түрмөгү
0