00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Монтаж в фокусе: профессия, которая меняет кино
18:06
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент пенсия чегерүүдө бир катар өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамга кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКРнын президенти Садыр Жапаров. Архив
КРнын президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2024
Жазылуу
Мыйзамдын максаты пенсия чектөөдө адилеттүү шарттарды камсыздоо, заман талабына ылайыкташтыруу, бул багыттагын кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу болуп саналат.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров айрым мыйзамдарга ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты пенсия чектөөдө адилеттүү шарттарды камсыздоо, заман талабына ылайыкташтыруу, бул багыттагы кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу болуп саналат.
Анда төмөнкүдөй ченемдер каралган:
пенсиянын базалык бөлүгү — пенсия чегерилгенде анын камсыздандыруу бөлүгү үч жашоо минимумунан (өткөн жылдагы) ашпаган мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Мында пенсиянын базалык бөлүгүнүн суммасы базалык бөлүгү менен үч жашоо минимумунан (өткөн жылдагы) кемитип салгандан кийинки жалпы өлчөмүнүн ортосундагы айырма катары аныкталат;
пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү министрлер кабинети тарабынан белгиленет;
эгерде эки пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунан (өткөн жылдагы) төмөн болсо, анын базалык бөлүгү индексация аркылуу орточо эмгек акынын (өткөн жылда түзүлгөн) 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалат;
пенсиянын өз убагында алынбаган суммасы, кайрылган учурдан 5 жылга чейинкиси төлөнүп берилет;
министрлер кабинети тарабынан түзүлүүчү (Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы барлар) тизмедеги адамдарга, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш үчүн соттолгондорго өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, бошотулганга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат;
пенсионер каза болгондо аны жерге берген адамга ал кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө көмүүгө жөлөк пул төлөнөт;
мындан тышкары, юридикалык жакты түзбөстөн бир гектардан аз жер үлүшүнө жана/же тилкесине же анын бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат;
ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, Салык кодексинин 423-беренесинин l-бөлүгүнүн 1-пунктунун А пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар, ошондой эле жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулары каралган.
Мыйзам 2-берененин 2, 3,4, 7-пунктуларын, 8-пунктунун А пунктчасын, 12-пунктуну кошпогондо 1-июлдан тартып күчүнө кирет. Ал эми аталган пунктулар расмий жарыялангандан бир жылдан кийин иштеп баштайт.
Алтын куймалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Пенсиянын топтомо бөлүгүн баалуу металлдарга инвестициялоого уруксат берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0