Ошто 300 орундуу оорукананын курулушу башталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКуруучулар жумуш учурунда. Архив
Куруучулар жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
Имаратта кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ош шаардык клиникалык оорукананын аймагына 300 орундуу имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламатык сактоо министрлигинен билдиришти.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРСтроительство многопрофильной больницы на 300 коек в Оше
Строительство многопрофильной больницы на 300 коек в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Маалыматка ылайык, долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда. Ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев капсула салды.
Курулушка 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6633,5 чарчы метрди түзүп, үч блоктон турат. Имаратта кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа болмокчу.
Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасы толук оңдолуп бүттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасы толук оңдолуп бүттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0