Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо иштери иреттештирилип жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасынын дары-дармек бөлүмүнүн башчысы Наргиза Токтосунова
Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз фармация мамлекеттик ишканасынын дары-дармек бөлүмүнүн башчысы Наргиза Токтосунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасынын дары-дармек бөлүмүнүн башчысы Наргиза Токтосунова аталган ишканага былтыр дары-дармек алуу үчүн бир миллиард сом бөлүнгөнүн айтты.
Учурда "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасы Кыргызстанда дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча негизги орган болуп калды. Ишкананы түзүү чечими 2023-жылдын 30-мартында кабыл алынган. Дары-дармек менен камсыз кылуу ар дайым көптөгөн суроолорду жана даттанууларды жаратып келгени жашыруун эмес. Ишкана бул тармакты иретке келтире баштады. Бул тууралуу Наргиза Токтосунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо иштери иреттештирилип жатат
Анын айтымында, өткөн жылдын июнь айында "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн 1 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
"Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын рыногунда өтө маанилүү дары-дармектердин жетишсиздиги көйгөйүн айтып чыккан. Даттанып кайрылган элдин билдиришинче, дефицит дарылардын тизмесине 50 аталыштагы препарат кирет. Бирок учурда өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо иштери туруктуу жүрүп жатат. Айрым препараттардын таӊсыктыгы бар. Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой, буга геосаясий абал, айрым дары өндүрүүчү компаниялардын рыноктон чыгып кетиши себеп. Ошентсе да азыр бардык дары-дармектин алмаштыруучу, альтернативдик варианттары бар. Жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесин карай турган болсок, алардын биоаналог же биосимилярлары болот. Бул дарылар ошол эле курамда жасалып, организмге ошондой эле таасир этет. Болгону кээ бир бейтаптар белгилүү бир компаниянын препаратына көнүп алып, башка өндүрүүчүнүкүн пайдалангысы келбейт. Биз башкы дарыгерлерге препараттын дарыканаларда бар аталышын жазып берүүнү, бул жаатта бейтаптарга маалымат берүүнү айтып жатабыз", — деди Токтосунова.
Ал ишкана саламаттык сактоо уюмдарынан арыздарды алты ай мурун кабыл алып, бир жылдык муктаждыктарын тактап, анан өндүрүүчүлөргө дары-дармектин тизмелери жөнөтүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0