Балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу сунушталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАла-Тоо аянтында майрамдык концертке катышкан балдар. Архив
Ала-Тоо аянтында майрамдык концертке катышкан балдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров массалык иш-чараларды уюштурууга балдарды тартууга тыюу салууну тапшырды.
Тиешелүү тапшырма министрлер кабинетинин аппараттык жыйынында берилди. Буга жакында Сузак районунда катталган кырсык себеп болгон.
Эске салсак, 2-майда Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Айдоочу токтоп турган машинасы жылып кеткенин, артынан чуркап, токтотконго жетишпей калганын айткан. 5-майда Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылган.
Сузактагы Porter кырсыгы: реанимациядан үч окуучу палатага чыгарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Сузактагы Porter кырсыгы: реанимациядан үч окуучу палатага чыгарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0