00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Таберик
СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев классикалык музыка доору 2 бөлүк
17:08
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Майып балдар үчүн кандай жайкы эс алуу программалары уюштурулууда
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Монтаж в фокусе: профессия, которая меняет кино
18:06
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Торжественное мероприятие по поднятию обновленного флага КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын желегиндеги айрым элементтерди өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Кеп түндүктүн чамгарагы менен күндүн нуру тууралуу болууда. Тармактык комитет мыйзам долбоорун колдоду. Эми депутаттар аны жалпы жыйында кенен талкуулашмакчы.

Өздөрү күн карама. Самыйкожо тууну өзгөртүүгө каршы болуп, Шакиев менен талашты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Эл өкүлү желекти арбайтып-тарбайтып салса "лопух", кыргызча айтканда, уйгакка окшоп каларын белгиледи.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Тууну өзгөртөбүз дегендердин өзү күн карама. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо спикердин желекти оңдоп-түзөө демилгесине каршы чыкты.
Депутат көпчүлүк эл мындай сунушту колдобой жатканын белгиледи. Анын айтымында, түндүктүн чекесиндеги күндүн нуру коломтодогу оттун, жалындын да белгиси.
"Башка нерселерди эле жасап, мамлекетибиздин ыйыгына тийбей эле коёлучу. 30 жылдан бери эн тамгабыз болуп келген жакшынакай желегибиз турат. Аны арбайтып-тарбайтып салсак "лопух" болуп калат, анын кыргызчасы уйгак. Башка иштерибиз кокодон болуп турганда тууну өзгөртүүгө киришсек, эртең эшиктеги эл бизди кечирбейт", — деди Самыйкожо.
Анда Нурланбек Шакиев эч кандай өзгөрүү, жаңы элементтер кирбей турганын, болгону баштапкы формасына кайтарып келүү максатталып жатканын айтты. Туунун авторлору да түп нускасы өзгөрүп кеткени боюнча айтып жатканын билдирди.
"Азыр сиз түндүктүн турганын, күндүн нурларын караңызчы? Ошол түндүккө окшойбу? Ошонун баарын авторлор өздөрү айтып жатат", — деди спикер.
Депутат "эгемендүүлүк алган жылдан бери туура эмес жасалган туунун алдында турабызбы?" десе, төрага "ошондой" деп жооп берди. Бирок Самыйкожо ага макул болгон жок.
"Желекти ким күн карама десе, авторлордун өздөрү күн карама, күн тийген жердин күкүгүндөй, жетим көпөлөктөй ар кайсы жерди айланып жүрүшөт. Ким эмне десе ошонун айдагына айдалып, байрагына байланып келгендер ошентип айта берет", — деп нааразы болду эл өкүлү.
Буга Шакиев арабанын алдына түшүп чуркабай, талкууга коюлганда маселени добуш менен чечүү керектигин айтты.
Анда Самыйкожо эртең уруксат беришсе желек кантип кабыл алынганын, түсү, белгилери кандай маани берери тууралуу кенен айтып берүүгө даяр экенин белгиледи.
Депутаттын пикирин кесиптеши Эрулан Көкүлов дагы колдоп, эс тарткандан бери азыркы желекти көрүп келгенин билдирди.
КР эл сүрөтчүсү, мамлекеттик желектин авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Радио
Желектин автору: азыр сунушталып жаткан туу мен көргөн эң начар вариант
Жаңылыктар түрмөгү
0