Лукашенко: Беларуста президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн

© Фото / БелТА / Медиабанкка өтүүБеларусьтун президенти Александр Лукашенко. Архив
Беларусьтун президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, азыркы мыйзам боюнча келерки президенттик шайлоо 2025-жылдын 20-июлунда болмокчу.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Беларуста мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкө башчы Александр Лукашенко РИА Новости агенттигине курган маегинде айтты.
Маалыматка караганда, учурда өлкөдө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип жатат. Референдум 2022-жылдын февраль айында өткөрүлмөкчү.
"Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болуп калышы мүмкүн. Буга менин чечимим же Башкы мыйзамдагы шайлоо тууралуу өзгөртүүлөр себеп болушу ыктымал. Эгер боло турган болсо, дароо эле 2022-жылы боло калат деп айтуудан алысмын", — деди Лукашенко.
Ошондой эле ал жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бардык бийлик органдары кайрадан шайланышы керектигин айтты.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, азыркы мыйзам боюнча келерки президенттик шайлоо 2025-жылдын 20-июлунда болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0