ДССУ коронавирустун жаңы штаммынан улам дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери иш учурунда. Архив
Лаборатория кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, жаңы вирус вакцинанын күчүнө туруштук бере алса, ошондо гана тынчсыздануу керек. Бирок азыр андай нерсе аныктала элек.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович коронавирустун "омикрон" штаммынан улам дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Эске салсак, Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталып, ДССУ жума күнү чукул жыйын өткөргөн. Буга байланыштуу Улуу Британия менен Израилде Түштүк Африкага каттамдар токтотулган.
"Менимче, көп нерсе али белгилүү боло электе ызы-чуу түшүүнүн кажети жок. Азыр бул вирус вакцинанын күчүнө туруштук бере алса, ошондо гана тынчсыздануу керек", — деген Вуйнович.
ДССУ өкүлү Африкада вакцина аз экенин, ошол эле учурда Түштүк Африка препаратты өзү чыгарып келерин кошумчалады.
Адистер бул штамм дагы дүйнөгө тарап кетиши толук мүмкүн экенин белгилешкен. Вирустун өтө жугуштуу экенин айтышып, ал вакцинага дагы туруштук бериши мүмкүн деп божомолдошкон.
Жаңылыктар түрмөгү
0