Австрияда атайын уюштурулган COVID кечеден оору жуктурган киши каза болду

© AP Photo / Manu FernandezАдам жердин граффитисинен жанынан өтүп баратат. Архив
Адам жердин граффитисинен жанынан өтүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Учурда бир катар Европа мамлекеттеринде COVID кече популярдуу болуп жатат. Ата-энелер жуксун деп ал жакка балдарын да алып келишет.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Италияда 55 жаштагы австриялык киши коронавирус жуктуруу үчүн уюштурулган атайын кечеге баргандан кийин каза болду. Бул тууралуу LADBible басылмасы жазды.
Коронавируска чалдыгууну каалагандар үчүн кече Түштүк Тиролдо уюштурулган болчу. Басылма билдиргендей, ал киши эс алуу жана жумушка баруу үчүн зарыл болгон "жашыл жолдомо" алуу максатында атайылап коронавирус жуктурууну чечкен.
Медициналык кызматкерлер COVID-19дан жабыркаган адамдын сөөгү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Борбор Азия мартта кандай күнгө кабылат. ДССУнун COVID боюнча кооптуу божомолу
Австриялык менен кошо ооруканага жаш бала жана дагы эки адам түшкөн. Алар аман калышкан.
COVID кече Австрия жана Германияда кенен тараганы айтылат. Ата-энелер жуксун деген ниетте ал жакка балдарын да алып келишет.
Коронавируска каршы күрөшүү бөлүмүнүн координатору Патрик Франзони мындай кечелерге тыюу салынышы керектигин белгиледи. Анткени вирус жаш жана дени сак адамдар үчүн да өтө кооптуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0