Катарда чөлдөгү таштан табышмактуу белгилер табылды. Сүрөт

© AFP / DANIEL GARCIAЧөл. Архив
Чөл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Тарыхый кызыктуу табылгаларды Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бириндеги ири таштын бетинен байкашкан. Анда баш-аягы 9000ге чукул петроглиф болгон.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Археологдор Катардын түндүк-чыгыш тарабындагы Аль-Жассасия чөлүндөгү таштарга чегилген табышмактуу белгилерди тапканын CNN телеканалы кабарлады.
Аларды Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү ири таштын бетинен байкашкан. Баш-аягы болуп ташка чегилген 900 сүрөт табылганы кабарланды. Белгисиз доордун жашоочулары сырдуу сүрөттөрдү, ар кыл оюуларды, кемелердин парустарын бийиктен карап тургандай кылып чегишкен.
​Булардын ичинен эң кызыктуусу — таштын бетин оюп, ал аркылуу башкаларга суу, от же тоголонгон нерсе жеткидей кылып, тегеретесине чейин чегип барып, ал жакта да жасалган кичинекей оюкчалар болду. Бул бир караганда, кыргыздын тогуз коргоол оюнуна ылайыкташкан тактага да окшоп кеткенин сүрөттөн көрүүгө болот. Ал эми окумуштуулар бул манкала оюну үчүн ылайыкташкандай деген пикирлерди айтышкан.
"Аравия жарым аралында ташка чегилген эстеликтер, фигуралар көп болгону менен Аль-Жассасиядагылар уникалдуулугу менен айырмаланат. Буларды башка жерден кездештирүүгө мүмкүн эмес", — деген Катардагы музейдин казылган табылгалар бөлүмүнүн жетекчиси Ферхан Сакал.
Окумуштуулар бул белгилер чындыгында эле өтө табышмактуу экенин жана анын жандырмагын чечүүгө бир топ убакыт жана билим керектигин белгилешкен.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0