Карыз... "Газпром" Молдовага 48 сааттан кийин газ берүүнү токтотушу мүмкүн

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургдагы Газпромдун кеңсеси
Санкт-Петербургдагы Газпромдун кеңсеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Компаниянын өкүлү келишим Молдова тараптын дээрлик бардык шарттарын эске алып, бирок каражатты өз учурунда төлөп туруш керек деген пункт менен түзүлгөндүгүн айтты.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. "Газпром" компаниясы Молдова тарап бүгүн карызын төлөбөсө 48 сааттан кийин газ берүүнү токтото тургандыгын аталган компаниянын өкүлү Сергей Куприянов "Россия 24" телеканалынын эфиринде айтты.
РИА Новости Молдова менен газ үчүн өткөнкү карыздарды 100 пайыз төлөгөндөн кийин берүү тууралуу келишим түзгөндүгүн, анын кезеги бүгүн, 22-ноябрда, келгендигин кабарлады. Андыктан эскертүү жасалганы айтылды.
"Молдованын экономикалык жана финансылык оор абалын эске алуу менен Молдова "Газпромдун" алдындагы карызын төлөө мүмкүнчүлүгүн сактайт деген нерсени карманып, андан сырткары, Россия президентинин позициясын эске алып  (Молдава тарап көмөк көрсөтүүнү сурап бир нече ирет кайрылган), "Газпром" тараптан аталган жактын бардык шарттарына карап келишим түзүү чечими кабыл алынган. Бирок анда маанилүү нерсе — аталган өлкө көгүлтүр от үчүн мурдагы карыздарынан 100 пайыз кутулат деген пункт көрсөтүлгөн", — деп билдирди Куприянов.
Ал "бүгүн төлөм келген жок, андыктан Молдова тарапка 48 сааттан кийин аталган өлкөгө көгүлтүр от берүү токтотула тургандыгын билдирдик" деп кошумчалаган. 
Кыргызстан министрлер кабинети россиялык Газпромбанк менен меморандумга кол койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Кыргызстан россиялык "Газпромбанк" менен меморандумга кол койду
"Газпром" менен "Молдовагаз" 29-октябрда 1-ноябрдан тарта газ берүү туурасында макулдашкан. Россиялык компания көгүлтүр от жаатында буга чейинки маселелерди жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюу туурасында айткан. Ал эми келишимди узартуу эки тараптын өз ара пайдасына болору да белгиленген. Молдова бийлиги жаңы документте алар тарап сунуштаган формула колдонулат деп билдиришкен. Мындан сырткары, "Молдовагаздын" 2022-жылы "Газпромго" карызы боюнча аудит жүргүзүлөрү айтылган. Ал туумдарды эске алганда беш жылда төлөнөрү пландалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0